www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эскертүү! 3-6-майда сел жүрүү коркунучу жогору

3-майдан 6-майга чейин Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидромет кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактап, тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алуудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөө сунушталат.

“Жогоруда аталган күндөрү тоолуу райондордо, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол- Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл”,-деп айтылат маалыматта.

Последние новости