www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда 2026-жылдын жаз айларынан бери күрөң аюулардын кол салуусунан кеминде 26 адам каза болгон. Бул тууралуу Kazinform агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, август айынан тарта аюулар калктуу конуштарга көбүрөөк жакындай баштаган. Мындай учурлар Красноярск аймагында, Бурятияда, Хакасияда, Тувада, Алтайда жана Сахалинде катталган.
Адистер мунун себептеринин бири катары токойлордо азыктын жетишсиздигин белгилешет. Акыркы 30 жылда Орусиядагы күрөң аюулардын саны эки эседен ашык көбөйүп, 300 миңге жеткен.
Орусиянын өкмөтү адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аюулардын санын жөнгө салуу боюнча чараларды даярдап жатат.