www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Джеффри Эпштейн боюнча иш (2008–2019) – жөнөкөй кылмыш иши эмес. Анын 2019-жылы абакта каза болушу бул чырды тереңдетти. Бул чуу заманбап батыш дүйнөсүндө бийлик, жыныстык каалоо, иммунитет кандай иштерин көрсөтө алган бирден-бир көрүнүштөрдүн бири.
Билл Клинтон – Моника Левински (1998)
АКШ президенти белгилүү стажерка менен мамилеси бар экенин төгүндөө аракетинен импичмент процесси башталган. Маселе кылмышта эмес, жалган айтылган сөздө болду. Скандал кайрадан бийликтин чеги менен жеке моралдын чеги тууралуу талашты жандантты.
Сильвио Берлускони – “Бунга-бунга” (2010–2013) Италиянын премьер-министри жаш кыздардын катышкан кечелерине катышканы үчүн айыпталган. Соттук процесстер узакка созулуп, саясий бедели оор сокку жеген. Мамлекет башчынын жеке турмушу улуттук легитимдүүлүктүн маселесине айланган.
Масштаб жана курмандыктар Расмий сот документтерине ылайык, Эпштейндин тармагы ондогон өспүрүм кыздарды камтыган. Официалдуу эмес көрсөтмөлөрдө бул сан 100дөн ашык экендиги айтылат. Кыздардын курагы негизинен 13–17 жаш, көбүнчө 14–16 жаш аралыгында болгон. Кээ бир көрсөтмөлөрдө балдар да айтылат.
Бирок чуунун борборунда өспүрүм кыздардын системалуу эксплуатациясы турат. Бул фактылар юридикалык чечимдер менен тастыкталган.
Гислейн Максвелл тармактын ачкыч фигурасы
Гислейн Максвелл Эпштейндин жөн гана жардамчысы эмес, анын оперативдүү өнөктөшү болгон. Ал курмандыктарды издөө, аларды багыттоо жана психологиялык даярдоо ишине түз катышкан. АКШ соту аны өспүрүмдөрдү эксплуатациялоого көмөк көрсөтүү жана адам сатуучулук боюнча айыптап, соттогон. Максвелл бул чырда чындап эле түрмөгө жатып чыккан бирден-бир чоң фигура. Бул юридикалык деңгээлде Эпштейндин иши бир адамдын тарыхы эмес экенин көрсөтөт.
Секс, мыйзам жана Батыштын парадоксу
Кээ бир батыш өлкөлөрүндө секс-ишмерлик легалдуу жөнгө салынат. Германия, Нидерланды, Бельгия сыяктуу өлкөлөрдө мамлекеттик көзөмөлдөгү үй-жайлар иштейт. АКШда болсо легалдуу борделдер Невада штатындагы айрым райондордо гана бар. Жалпысынан АКШда 1-2 миллион адам секс-ишмерликтен акча табат деп эсептелет. Бирок көпчүлүгү расмий эмес.
Рим империясы: Помпей жана Везувий
Бул көрүнүш тарыхта да бар. Рим империясынын акыркы доорлорунда элитанын иммунитети, ырахат маданияты жана эки өлчөмдүү укук системасы Помпей сыяктуу шаарларда кадимки көрүнүшкө айланган. Везувий вулканы бул шаарды жер менен жексен кылган. Тарыхчылар үчүн бул жөн гана табигый апаат эмес, моралдык бузулуусунун метафорасы.
Эпштейн скандалы ошол эле суроону кайра козгойт. Мыйзам барына бирдейби, же ал жалаң алсыздарга гана тиешелүүбү? Эпштейн иши жөн гана сексуалдык кылмыш эмес моралдык ыдыроонун картасы. Ооба, Рим империясы Помпей менен бүтпөгөн. Модерн Батыш да Эпштейн менен бүтпөйт. Бирок ар бир империянын өз Везувийи бар.
Булак: NazarNews