www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө багытталган "Өкмөттүк акселераторлор" тобу түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ал үчүн 100 күндүк программа иштелип чыгып, төрт негизги көйгөй аныкталган:

программалык камсыздоону иштеп чыгып, бирдиктүү маалымат базасына интеграциялоо;

жер участокторун трансформациялоого уруксат алууну жөнөкөйлөтүү үчүн мыйзамдарды инвентаризациялоо;

жашыл энергетика фондунун функциясын күчөтүү;

мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин чатырларына күн батареяларын, кичи станцияларды орнотуу боюнча даярдык иштерин тездетүү. Бишкек үчүн пилоттук долбоорду ишке киргизүү.

Акыркы мезгилде өлкөдө кайра жаралуучу булактардан энергия алууга өзгөчө көңүл бурлуп, бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Анткен менен ишкерлер тарабынан бул багытта логистикалык көйгөлөр бар экени айтылып келет. Маселе былтыр министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Kyrgyz wind system тарабынан курулуп жаткан 300 мегаваттык шамал станциясынын ишмердүүлүгү менен таанышып жаткан учурда да көтөрүлгөн. Учурда ошол багытта жабдууларды алып келүүнү жеңилдетүү үчүн атайын логистикалык топ иш алып барып жатканы да маалымдалды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости