www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жана уюмдун эксперттери менен жолугушуп, энергетика тармагындагы учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн жана кызматташуунун келечектеги багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун башында Хью Ридделл министр Алтынбек Рысбековду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, аны тармакка жаңы келген адис катары эмес, энергетика секторунда көп жылдан бери иштеп келген тажрыйбалуу адис катары бааларын белгиледи.
Тараптар энергетика тармагында биргелешип ишке ашырылып жаткан KEMS жана REMIT долбоорлорунун учурдагы абалын, ошондой эле алардын жетекчилигиндеги өзгөрүүлөрдү талкуулашты.
Долбоорлордун жаңы жетекчиси катары Кабир Малик тааныштырылып, мурдагы жетекчи Максуджон Сафаровго аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирилди.
Ошондой эле жолугушууда 14-июнда ишке берилген жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон күн электр станциясынын долбоору белгиленип, бул энергетика тармагындагы реформалардын жана инвестициялык саясаттын маанилүү жетишкендиги экени айтылды.
Хью Ридделл акыркы айларда министрлик менен Дүйнөлүк банктын биргелешкен долбоорлорунун ишке ашуусу кыйла ылдамдап, натыйжалуулугу жогорулаганын белгиледи.
Анын айтымында, долбоорлордун аткарылышы мурдагы мезгилге салыштырмалуу сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыккан.
Өз кезегинде министр Алтынбек Рысбеков Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагындагы эң ишенимдүү стратегиялык өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп, биргелешкен долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, тармакты санариптештирүүгө жана натыйжалуулукту жогорулатууга өбөлгө түзүп жатканын айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагындагы реформаларды улантуу, инвестициялык долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу жана энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо боюнча кызматташууну мындан ары да жогорку деңгээлде улантууга даяр экенин билдиришти.