www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүн күчөтүлгөн көзөмөлгө алды. Министрликтин өкүлдөрү аймактардагы энергетикалык объектилерге чыгып, алардын техникалык абалын жана кышкы жүктөмгө даярдыгын жеринен текшерүүдө.
Текшерүү учурунда жабдуулардын ишке жарактуулугу, пландуу оңдоо жана алдын алуу иштеринин аткарылышы, керектүү материалдар менен запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгү, ошондой эле кампалардын абалы каралууда.
Мындан тышкары, кызматкерлердин жетиштүүлүгү, күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы жана авариялык топтордун өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгү бааланууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, аныкталган кемчиликтер каттоого алынып, жооптуу жетекчилерге аларды жоюу боюнча тапшырмалар берилүүдө. Иштердин аткарылышы жана кемчиликтерди жоюу белгиленген мөөнөттөрдө көзөмөлдөнөт.
Графиктен артта калуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт. Жооптуу уюмдар оңдоо иштерин өз убагында аяктап, энергетикалык объектилерди зарыл материалдар, жабдуулар жана запастык бөлүктөр менен камсыз кылууга милдеттүү.
Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдыкты өзгөчө көзөмөлдө кармап, энергетикалык системанын туруктуу жана ишенимдүү иштешин, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылуу боюнча иштерди улантат.

Последние новости