www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 18-августта Бишкек шаарындагы залкар жазуучу, мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.

Иш-чара жазуучунун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдыктын алкагында өттү. Касымалиев менен бирге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери музейге барышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы музейдин учурдагы абалы, экспонаттарды сактоо шарттары жана Чыңгыз Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылыгына арналган экспозиция менен таанышты.

Адылбек Касымалиев үй-музейдин өзгөчө маанисин белгилеп, аны жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы менен байланышкан маанилүү маданий жай катары баалады.

Иш сапардын жүрүшүндө музейдин мындан аркы ишмердүүлүгү жана музей комплексинин инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын планына ылайык, Бишкек шаарында «Айтматов ордосу» комплексин түзүү боюнча долбоордук иштерди жүргүзүү, сынак жарыялоо жана курулуш иштерин уюштуруу каралган.

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Последние новости