www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы Мээрим Узакбаеваны 26-июлга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Маалыматка ылайык, жактоочу тарап жана жакындары Мээрим Узакбаева үч баланын энеси экенин белгилеп, анын тергөө абагында негизсиз кармалып турганын билдиришүүдө.

Тергөө органдары ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, 2026-жылдын 20-мартында кармаган. Шектүүгө Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндөгү беш кабаттуу имаратты, Сыдыгалиев көчөсүндөгү “Кыргызайылкөмөк” акционердик ишканасына тиешелүү имараттар менен жер тилкелерин (жалпы 9 гектар), ошондой эле Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан “Баят” базарын 9 гектар жери менен мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча айып тагылган.

Иштин материалдарында мурдагы айыл чарба министри жана Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев “75чилердин катына” байланышкан окуянын алкагында кармалганы да айтылат.

Учурда иш боюнча тергөө уланууда.

Последние новости