www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-июнундагы жарлыгына ылайык, блогерлер, стартаптар жана креативдик индустрия өкүлдөрүн 5 жылга салык төлөөдөн бошотуу демилгеси сунушталууда.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов комментарий берип, демилгенин максатын түшүндүрдү.

Анын айтымында, эгер жаран продукт жаратып, код жазып, кино тартып, стартап өнүктүрүп же блог жүргүзүп, өзүнүн интеллекти аркылуу киреше тапса, мамлекет мындай ишмердүүлүктү колдоого алышы керек.

«Бул багытта иштегендер үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачылып жатат. Мамлекет 5 жыл бою алардын үстүнөн катуу көзөмөл жүргүзбөйт. Максат — өнүгүүгө шарт түзүү», — деди ал.

Төраганын пикиринде, бул сектор экономикада олуттуу өсүштү камсыз кылып, жаңы жумуш орундарын түзүп, инвестиция тартууга өбөлгө болот.

Ошол эле учурда Шыкмаматов көмүскө экономикага каршы күрөш күчөй турганын белгиледи. Анын айтымында, мыйзамдуу иш алып баргандар менен мыйзамсыз жол менен киреше тапкандар ортосунда так айырма болушу керек.

Бул багытта Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы позициясын да күчөтөрү айтылды.

Мындан тышкары, ал алтын казуу тармагындагы салык саясатына да токтолду.

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өсүп жаткан шартта мамлекет адилеттүү үлүшүн алышы зарыл экенин белгиледи.

Жаңы жобого ылайык, алтын жана күмүш өндүргөн компаниялар үчүн киреше салыгынын ставкалары дүйнөлүк биржалардагы баага жараша жогорулап турат.

«Баалар өскөндө мамлекеттин да кирешеси көбөйүшү керек. Бул — адилеттүү мамиле», — деди ал.

Шыкмаматовдун айтымында, жаңы салык саясатынын негизги максаты — ишкерлерге эркиндик берип, ошол эле учурда эрежелерди бузгандарга катуу талап коюу.

«Кыскача айтканда, өндүргөндөргө — колдоо, ал эми көмүскө иштегендерге — катуу көзөмөл. Бул заманбап экономикага ылайык саясат», — деп жыйынтыктады ал.

Последние новости