www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Акыркы кезде эски бийликтин тушундагы чоң кызматты ээлеген жана Бишкек ЖЭБиндеги дайынсыз жоголгон 386 млн. долларга тиешеси бар С. Исаков, А. Калиев, О. Артыкбаев, К. Кулматов, С. Авазов жана башкалардын камакка алынышы президентибиз С. Жээнбековдун былтыр 2-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында "Коррупцияга каршы күрөшүүдө досума, тууган-уругума да карабаймын",- деген элге берген убадасын аткаруу катары бааласак болот. Эл да мамлекет башчыдан ушундай чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат. Бул коррупцияга каршы чындап күрөш экендиги болууда.

Эгер экс-президент А. Атамбаевдин күнөөсү болсо (бар деп ойлойбуз) ал да камалыш керек. Ансыз деле аны экс-президент статусунан ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алууга Парламент макулдук берди. Болгондо да А. Атамбаевди баш кылып камап, жеген-ичкендерин кустуруш, атайын ачылган эсепке которуп, сырткы карызды төлөш керек.

Ансыз коррупцияга каршы күрөш максатына жетпей калат. Ал эми АКШга качып кеткен А. Шадиевди да Лос-Анжелесте чардап жаткан жеринен колуна кишен салып келип, темир тордун артына отургузса, ошондо эл С. Жээнбеков жана анын командасына биротоло ишенет. Ансыз баардыгы баягыдай эле сөз боюнча калып, элдин бийликке болгон ишеним кредити муздай ээрип кетет. Кыскасы, бул А. Атамбаевге тузак эмес, коррупцияга каршы чындап күрөш экендигин дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет.

Булак: Майдан.кж

Последние новости