www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырса болот

2025-жылдын 24-сентябрында Министрлер кабинети токтом кабыл алып, жарандар үчүн Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу ишке киргизилди.

Кызматтын шарттары:

Бирдиктүү идентификациялоо тутумунда катталуу;

Электрондук медициналык документтерге ээ болуу (12 айдан ашпашы керек);

Фотоидентификациядан өтүү;

Онлайн арыз толтуруу («Алмаштыруу» же «Жоготуу учурунда калыбына келтирүү»);

Почта аркылуу жеткирүү дарегин көрсөтүү (зарыл болсо);

Төлөмдү QR-код менен жүргүзүү.

Даяр болуу жана жеткирүү:

Даярдоо мөөнөтү: 1–2 иш күнү;

Статусту «Түндүк» тиркемесинде көзөмөлдөө;

Жаңы күбөлүктү почта аркылуу же бөлүмдөн алуу.

Күчүнө кирүү: Токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Последние новости