www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык контракт программасы боюнча жүргүзүлгөн пландуу мониторингдин жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысы аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен аралык аймактык башкармалыктын текшерүүсү учурунда белгисиз адамдар «социалдык контрактты алууга жардам берүү» шылтоосу менен жарандардан акча талап кылган учурлар катталган.

Бул боюнча министрлик дароо укук коргоо органдарына кайрылган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү кармалып, кылмыш иши козголду.

Министрлик социалдык контракттар мыйзамга ылайык, анын аймактык бөлүмдөрү аркылуу гана таризделерин белгиледи.

Каражаттар түздөн-түз алуучулардын банктык эсептерине которулат жана ар кандай ортомчуларсыз, комиссиясыз жүргүзүлөт.

Ведомство жарандарды сак болууга чакырып, эгер кимдир бирөө социалдык контракт алуу үчүн акча талап кылса, дароо укук коргоо органдарына же жергиликтүү бөлүмдөргө кайрылууну эскертти.

Последние новости