www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги эми Кыргызстандын авиация тармагын жылына эки жолу аудит аркылуу текшерип турат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, өлкө авиация коопсуздугу боюнча эл аралык талаптарга шайкеш келүү үчүн бир катар ири текшерүүлөрдөн өттү. Эми ЕБ көзөмөлдү улантып, стандарттар сакталбаса кайра чара көрүшү мүмкүн.
Кыргызстан жакында эле ЕБнин авиа коопсуздук боюнча “кара тизмесинен” чыгарылган. Бул чечим 2026-жылдын май айындагы Евробиримдиктин Авиа коопсуздук комитетинин жыйынында кабыл алынган.
“Кара тизмеден” чыгуу өлкө авиакомпанияларына Европа багытындагы каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк берет. Тармактагы адистер бул кадам авиациянын коопсуздугун жогорулатуу жана эл аралык ишенимди бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгилешүүдө.