www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-майында Эмгек майрамынын урматына Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан масштабдуу экологиялык акция болуп өттү. Бул күнү ар кыл тармакта эмгектенген жарандар бир максатка биригип, көчөттөрдү отургузуу аркылуу жаратылышты коргоого өз салымдарын кошушту.
Иш-чара Чүй облусунун Сокулук районунда Белогорка шаркыратмасынын аймагында «Эмгек жана улуттук дем — келечекке» деген ураан алдында болду.
Аталган акцияны Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргелешип өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу катышуучуларга кайрылуу жасады.
«Бүгүнкү көчөт отургузуу акциясы — бул жөн гана иш-чара эмес, бул биздин келечекке болгон жоопкерчилигибиздин белгиси. Биз эмгекчилердин биримдигин көрсөтүп, өлкөбүздүн жаратылышын сактоого салым кошуп жатабыз. Бардыгыңызды 1-Май — Эмгек майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эмгегиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакыт жана ден соолук каалайм!»
Мындан тышкары, федерация эмгекчилердин укуктарын коргоо багытында да активдүү иштерди жүргүзүп келишет. Алар туруктуу түрдө мониторинг жүргүзүп, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөшөт, сот иштерине катышып, жарандардын кызыкчылыктарын коргоп келишет.
Ошондой эле 1229 колл-борбору аркылуу кеңеш берүү жана жардам көрсөтүү иштери жүргүзүлөт. Мурадил Джумадилде уулу тарабынан жарандарды жеке кабыл алуулар да үзгүлтүксүз өткөрүлүп, ар бир кайрылууга көңүл бурулууда.
Бул экологиялык иш-чарага өндүрүш, билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт жана башка тармактарда иштеген эмгекчилер кеңири катышты. Алар биргеликте жүздөгөн көчөттөрдү отургузуп, келечек муундар үчүн жашыл, таза Кыргызстанды калыптандырууга өз салымдарын кошушту.
Иш-чара өлкө башчысынын экологияны сактоо жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу боюнча көтөргөн демилгелерин колдоо максатын да көздөдү.
Бул иш-чара эмгектин кадыр-баркын даңазалоо менен бирге, жаратылышка аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди.