www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети кечээ, 16-марттагы жыйында «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте мурастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Талкуу маалында депутат Улан Примов электрондук акчаларга байланыштуу Жарандык кодекстин 22-беренесине, ошондой эле электрондук акчанын эмитентине байланыштуу «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө көңүл бурду. Депутат Дастанбек Жумабеков «электрондук акча» түшүнүгүнүн укуктук аныктамасына токтолду. Депутат Дастан Бекешев электрондук акчаларды Жарандык кодекстин 22-беренесине киргизүүнүн зарылдыгын жана максатка ылайыктуулугун тактады. Ал эми депутаттар Исманали Жороев, Таалайбек Сарыбашов жана Уланбек Жаанбаев электрондук акчаларды мурастоо боюнча сунушталып жаткан ченемдерге байланыштуу суроолорду узатышты.

Комитет мындан тышкары «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.

Последние новости