www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Гульнара Акимбаева, Эльвира Сурабалдиева, Гүлшаркан Култаева, Жылдыз Курманалиева жана Эркеайым Сейтказиева бир катар министрликтердин, ведомстволордун жана тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесине арналган тегерек столго катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын демилгеси менен Людвиг Больцман институтунун колдоосунда уюштурулган иш-чара үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууга жана бул багытта иш алып барган бардык субъекттердин өз ара аракеттенүүсүн камсыздоого багытталган.

Талкуу маалында катышуучулар көрүлүп жаткан чараларга карабастан, зомбулук маселеси дагы деле актуалдуу бойдон калып жатканын, бул системалуу жана координацияланган мамилени талап кыларын белгилешти.

Ошондой эле профилактикалык инструменттерди өркүндөтүү, ченемдик-укуктук базадагы боштуктарды жоюу зарылдыгына көңүл бурулду. Эксперттер мыйзамдарды катаалдаштыруу менен катар укук колдонуу практикаларынын сапатын жогорулатуу жана тобокелдиктерди эрте аныктоонун маанилүүлүгүн билдиришти.

Мындан тышкары мекемелер аралык өз ара аракеттенүү маселеси да каралып, системанын бардык катышуучуларынын биргелешкен, шайкеш иши гана жабырлануучуларга өз убагында жардам көрсөтүүгө жана зомбулуктун кайталанышын алдын алууга мүмкүндүк берери кошумчаланды.

Өз кезегинде депутаттар бул багытта парламент тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришип, жарандарды коргоону күчөтүүгө жана профилактиканын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам демилгелерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча аракеттерге токтолушту.

Кеңешменин жыйынтыгында мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүүгө жана мекемелер аралык кызматташууну чыңдоого багытталган конкреттүү сунуштар иштелип чыгып, сунушталган чаралар жарандар үчүн коопсуз жана корголгон чөйрөнү түзүүдө маанилүү кадам болот деген пикирлер айтылды.

 

Последние новости