www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жер пайдалануу шарттарын бузуу менен жайгаштырылган объектилерди демонтаждоо иштери улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын чечими менен Патрис Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объектилер менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды.
Аталган иш-чаралардын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жеңил типтеги соода күркөлөрүн демонтаждоого киришти.
Жалпысынан бул тилкеде 12 объект аныкталган. Учурда алардын 4 күркө демонтаждалып, калган 8 объект боюнча иштер уланууда.
Бул иш-чаралар муниципалдык аймакты бошотууга жана шаардык чөйрөдө тартип орнотууга багытталган.
Белгилей кетсек, аталган аймакта Биринчи май райондук администрациясы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.