www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер алты жылдык тарыхыбызга артка кылчайып карай турган болсок, эски бийликтин тушунда саясый негизде камалгандарга карата экс-президент А.Атамбаев тарабынан жалаң гана репрессиялык мамиле жасалыптыр. “Саясий туткундарды коргоо комитети” деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта “саясий негизде куугунтукталган” деп эсептелген жарандардын саны 30дан ашат экен. Ал эми президент менен кошо саясый система да алмашкан соң, ошол “күнөөсүз күнөөлүүлөрдү” ак болсо актап, көк болсо көктөй турган учур келди. Ушундай демилге “Сөз эркиндигин коргоо комитети” аттуу бейөкмөт уюму тарабынан көтөрүлүп, 14-майда Бишкекте “Демократия жана саясий туткундар - бири-бирине коошпогон көрүнүш” аттуу иш-чара өттү.
Анда Кыргызстанда саясий негизде камакка алынган, кысымга кабылгандарды бошотууга бийликке чакырык ташталды. Ф.Кулов, К.Осмонов, Э.Каптагаев жана башка саясатчылар сөз сүйлөшүп, Ө.Текебаев, С.Жапаров, К.Самаков, Б.Талгарбеков, Д.Чотонов, Б.Асанов, К.Кадыров сыяктуу саясатчы, коомдук ишмерлердин камакка алынышынын демократиялык баалуулуктарга канчалык туура келерин ортого салышты. Бирок Жогорку соттун мурдагы төрагасы К.Осмонов ырайым кылуу же мунапыс жолдору менен саясий негизде соттолгондорду актоо мүмкүн эмес экенин айтты. Ал жаңы ачылган жагдайлар гана ишти кайра кароого негиз бере турганын билдирип, маселенин юридикалык жагын бекемдеди. Ф.Кулов болсо президент С.Жээнбековду камактагы саясатчыларга ырайым кылууга чакырды.
Булак: “Майдан.kg”