www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш жылдан бери тытышып келаткан бир тууган орус-украин мамилесин жөнгө салуу үчүн Норман форматы түзүлгөн. Бүгүн саясатчылар Норман форматы тууралуу кеп кылып да жатышат. Деги булар эмнени түшүндүрөт? Азуулуу саясатчылар эле эмес, карапайым эл да бул эмне экенине кызыгып жатышкандай.

 

Норман форматы

Норман форматы 2014-жылдын 6-июнунда Нормандияда Франция, Орусия, Германия жана Украина мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн. Крымдагы жана Чыгыш Украинадагы Донбасс, Лугансктагы окуяларды тынчтык жолуна салыш үчүн түзүлгөн. Булардын лидерлеринин ортосунда 2015-жылдын 11-12-февралында Минск шаарында узакка созулган талаш-тартыштан соң Минск макулдашуусу түзүлгөн. Минск макулдашуусу боюнча Донбасс менен Луганскка өзгөчө макам берилмек, бирок бул формат ушул күнгө чейин аткарылбай нечендеген өмүрлөр кыйылып келатат. Порошенко президент кезинде “Норман форматы” ооз жүзүндө гана айтылып калган. 2019-жылдын 24-майында Владимир Зеленский президент болуп келип “Норман форматын” жандандырууга өтөт.

 

Назарбаев орус-украин мамилесинин калыбына келишине ортомчу болгусу келет

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Орусия менен Украинанын президенттерине Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун киргизген. Бул тууралуу Назарбаев “Мен Украинанын президенти Зеленский менен жолуктум, аны уктум. Ал эми, кечээ күнү Владимир Путин менен бул көйгөйдү кантип чечүү керек деген темада сүйлөштүм. Мен ойлойм, Орусия менен Украинанын президенттери өздөрүнчө ээн-эркин сүйлөшүшсө жакшы болмок”, -деп Нур-Султанда билдирген. Назарбаев Украинанын лидери бейтарап аянтчада жолугушууга макул болгондугун да айткан.

Бул сунуш боюнча Орусия бийлиги үн катты. Президенттин маалымат катчысы, путиндин оозуна айланган Дмитрий Песков Назарбаевге жолугушууну уюштуруп берейин дегенине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал, Путин Зеленский менен жолугушууга макул экендигин, бирок, бул маселе боюнча дыкат даярдануу керектигин жана буга Украина да кызыкдар болушу керектигин билдирген. Азыркы учурда Орусия 29-ноябрда Минскте боло турчу “Норман форматындагы” (Орусия, Украина, Франция жана Германия мамлекеттеринин саммити) саммитке даярданып жаткандыгын Димтрий Песков айтып өттү. “Норман саммитинде” Донбасс маселеси да каралмакчы. Эске салсак, эки тарап Крым жана Донбасс маселеси боюнча бир пикирге келе албай жүрүшөт.

Аланд форматы деген эмне?

Бул чыр-чатактуу абалдан чыгуу үчүн ар кандай форматтар айтылып жатат. Ошонун бири Аланд форматы. Швеция менен Финляндия Аланд аралдарын талашып 1918-1921–жылдары бири-бирин жеп,  шишкебек кылып жиберишкиси келген. Анткени, 1917-жылы Аланд аралы Швецияга кошулгусу келген, бирок Финляндия өз аймагын жоготуп албаш үчүн буга макул болгон эмес. Аралдын эли 1919-жылы бөлүнүп кетебиз деген референдум өткөзүп швед тилдүү элдин 95 пайызы муну колдогон. Финляндия Аландга автономия берип, бул мамлекеттин көзөмөлдүгүндө автономияга айланат. Аланд мамлекеттин ичиндеги кичинекей мамлекетке айланган.

Аландга аскер курулуштары курулбайт, тургундары аскер кызматтарына барышпайт. Финндер бул жерге бизнес кылууга тыюу салган, мамлекеттик тил швед тили, финн тили бул жерде чет мамлекеттин тили сыяктуу. Аланддын өзүнүн туусу бар. Мына ушинтип акыры бир жыйынтыкка келишкен.

Фолкленд согушу

Фолкленд аралдарын талашып 1982-жылы согуш болгон. Бул аралдар Аргентинага жакын болгондуктан, аралдарды өзүнүкү катары эсептешет. Бул аралдар Улуу Британияга тиешелүү болгондуктан 1982-жылдын 2-апрелинде Аргентина бул аралдарды басып алган. Улуу Британия аскер-деңиз күчтөрү менен Аргентинага сокку уруп, ошол эле жылдын 14-июнунда аралдардан Аргентинаны сүрүп чыгат. Ошол кезден бери бул аралдар чыр-чатактуу аймак катары айтылып келет. Согуш учурунда Улуу Британия тарабынан ядролук куралдар колдонулган деп да жүрүшөт.

КВН жана Зеленский

Владимир Зеленский учурунда КВНда ойногону белгилүү. Анда бул окуяга Александр Масляков да киришиши мүмкүн. Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатактарды чечүү үчүн көптөгөн тарыхий окуяларга кайрылып жатышат. Панама менен АКШ ортосунда да 1989-жылдын декабрында чыр-чатактар болгон. Акыркы мезгилде орус-украин чыр-чатактарын чечүү максатында иш алга жыла баштады, балким Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгелери да бул арааны сууткан кырдаалдардан чыгып, мамилелерди түздөөгө жардам берер. Ал эми биздин экс-президент Атамбаев камакта отуруп кат жазганга гана жарап калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости