www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 106–110-чакырым аралыгына сел түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү кызматтар маалымдашты.

Ошондой эле Терек–Чаты–Терек унаа жолунун 5-чакырымына чейинки тилкесинде да сел жүрүп, жол кыймылы убактылуу токтотулду.

Учурда эки унаа жолдо тең тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Жол тилкелерин калыбына келтирүү иштери №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, кырдаал саат 16:30га карата берилди.

Тиешелүү кызматтар абалды көзөмөлдө кармап, кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин билдиришти.

 

 

 

 

 

Последние новости