www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондуу курортунун техникалык ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков курорттун энергетикалык инфраструктурасын түзүү боюнча аткарылган иштер жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берди.

Министрдин айтымында, учурда курулуш стадиясында турган объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инженердик инфраструктура толук калыптанды.

Долбоордун биринчи этабын ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Стабилдештирүү фондунан 119,7 млн сом бөлүнүп, анын 61,2 млн сому өздөштүрүлгөн. Бул каражаттардын эсебинен жалпы кубаттуулугу 12,5 МВА болгон 35/10 кВ эки трансформаторлуу көмөк чордон курулуп, 14 чакырым кабелдик линия тартылды. Ошондой эле 1000 кВА кубаттуулуктагы үч жана 630 кВА кубаттуулуктагы бир трансформатордук көмөк чордон орнотулду.

Коопсуз курулуш иштерин камсыздоо максатында 35 кВ чыңалуудагы электр берүү линиясынын №242–246 тирөөчтөрү убактылуу көчүрүлүп, жаңы участок ишке берилди. Учурда №249–258 тирөөчтөр аралыгындагы айланып өтүүчү жаңы линиянын курулушу уланууда. Бул чаралар тазалоочу курулмалардын, боз үй шаарчасынын, мейманкана комплекстеринин жана башка объектилердин тоскоолдуксуз курулушуна шарт түзүүдө.

Министр ошондой эле кийинки этапта «Пржевальск – Жыргалаң» 35 кВ аба электр берүү линиясын кабелдик линияга өткөрүү долбоору ишке ашырыла турганын белгиледи. Долбоор боюнча бардык долбоордук-сметалык документтер даярдалып, инженердик-геологиялык изилдөөлөр аяктап, мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынган.

Мындан тышкары, 110/35/10 кВ көмөк чордон, «Пржевальск – Ала-Тоо» 110 кВ аба электр берүү линиясы жана 110 кВ кабелдик линиясынын долбоордук документтери толугу менен даяр. Бул объектилер курорттун негизги энергетикалык инфраструктурасын түзүп, канат жолдорду, мейманканаларды жана башка туристтик объектилерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздайт.

Долбоордук эсептөөлөргө ылайык, 110 кВ энергетикалык объектилерди куруунун жалпы наркы 1 млрд 531 млн сомдон ашат. Учурда эл аралык компаниялардын сунуштары каралып, подряддык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгиленген графикке ылайык, негизги курулуш-монтаж иштерин 2026-жылдын июль айында баштап, 2027-жылдын ноябрь айында толук аяктоо пландалууда.

Алтынбек Рысбеков «Ала-Тоо Резорт» үчүн түзүлүп жаткан энергетикалык инфраструктура курорттун туруктуу иштөөсүнүн негизги негизи болуп саналарын белгилеп, бул система туристтик объектилердин үзгүлтүксүз ишин камсыздай турганын айтты.

Последние новости