www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мамлекеттик жогорку окуу жайлардын, тагыраагы, Баткен мамлекеттик университетинин, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ректорлору аттестациялоодон өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Аттестациялык комиссияга билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу төрагалык кылды.

Комиссия төмөндөгү критерийлер боюнча ректорлордун ишине баа берди:

• аткарылган иштердин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчет;
• университеттин келечектеги ишмердүүлүгүнүн программасы;
• бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу;
• билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүк;
• инфраструктуралык жана финансылык-экономикалык ишмердүүлүк.

Аттестация ЖОЖдун жетекчилеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо максатында үч жылда бир жолу туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости