www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларус президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда АКШ президенти Дональд Трампты Кавказда тынчтыкка жетишүүдөгү жакшы иши менен куттуктады. Бул тууралуу Беларусь президентинин басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт Russia Today агенттигине билдирди, деп маалымдайт БЕЛТА.
Наталья Эйсмонттун айтымында, эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүүдө Иран жана Жакынкы Чыгыш маселесин да талкуулашты. Беларусь мамлекетинин башчысы бул маселелерде жылыш болоруна ишенет, деп кошумчалады ал.
Беларус менен АКШнын лидерлери 15-августта телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттер эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди, аймактык маселелерди жана ысык чекиттердеги, анын ичинде Украинадагы кырдаалды талкуулашты.
Ошондой эле Александр Лукашенко Дональд Трампты үй-бүлөсү менен Минскиге чакырган жана бул чакыруу кабыл алынган.