www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган менен жолугушту.
Жолугушуу Анталияда өткөн VIII Эл аралык этноспорт форумунун алкагында орун алды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү алкагында өнөктөштүк кызматташуунун негизги маселелерин, ошондой эле эл аралык деңгээлде этноспорт тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Салттуу спорттун түрлөрүн жана маданий мурастарды бириктирген глобалдык платформа катары оюндардын координациясын чыңдоого, катышуучулардын географиясын кеңейтүүгө жана уюштуруу деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, форумдун алкагында алдыңкы эл аралык спорт ассоциацияларынын жана катышуучу өлкөлөрдүн федерацияларынын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушуулар болуп өттү, анын жүрүшүндө алардын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу маселелери, анын ичинде өз ара аракеттенүү форматтары, уюштуруу аспектилери жана улуттук командалардын өкүлчүлүгүн кеңейтүү талкууланды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында системалуу координацияны улантуу жана кызматташуунун конкреттүү багыттарын иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.