www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун тексти:
“Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!
Кымбаттуу спорт чеберлери, ардактуу машыктыруучулар жана ардагерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Ушул күн ар бир адамдын эң биринчи байлыгы болгон ден соолукту сактоонун жана чыңдоонун жогорку маданиятына умтулган замандаштардын, жаштардын толкуган күчү, кайраты, деми канчалык бийиктикке, тездикке жана кубаттуулукка жете турганын көрсөткөн, далилдеген замандаштардын майрамы.
Ушул күн калкыбыздын дени сак болушун эңсеген, жан дүйнөбүзгө дем кошуп, темирдей тартип жана мекенчилдик сезимдерин калыптандырууга аракеттери мол мекендештерибизди бириктирген дата.
Дене тарбия жана спорт калкыбыздын ден соолугунун себепкери, ал эми ден сак улут экономиканын негизги ресурсу, эл аралык аброю жана сыймыктуу жүзү экенин эске алуу менен мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп билебиз.
Акыркы жылдары жалпы эле коомубузда, анын ичинде бул тармакта президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында бир кыйла олуттуу ийгиликтерге жетише алдык. Спорт инфраструктурасы жаңыланууда. Дене тарбия жана спорт академиясында адистерди даярдоого заманбап шарт түзүлдү, борбор шаарыбызда жана региондордо стадиондор жана башка спорт объекттери курулуп жатат жана реконструкциядан өтүштү.
Калкыбыз сергек жашоого кадам шилтөөдө. Жылдан жылга ден соолугун чыңдап дене тарбиясына, спортко көңүлүн буруп, убактысын сарптаган мекендештердин саны өсүп жатат. Карылыкка эрте алдырбай узун жана бактылуу өмүр сүрүү максатын конкреттүү аракеттер менен ишке ашырып жаткандардын көбөйүп бара жатканы кубандырат. Натыйжада калкыбыздын орточо жашоо узактыгы азыркы 72ден 80ге жетет деген ишеним бекемделүүдө.
Эл аралык майдандарда жеңишке жетип өлкөбүздүн туусун бийик желбиреткен спортчуларды, алардын ичинде олимпиадада байгеге ээ болгондор Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулун, дүйнө чемпиондору болгон биздин балбандарды, көкбөрү боюнча дүйнөдө теңдеши жок биздин жигиттерди элибиз жогору баалайт жана ийгиликтерди каалап ак батасын берет.
Дүйнө жүзүндө абдан популярдуу болгон футболдон биздин рейтинг кескин жогорулоо үчүн зарыл шарттар кийинки мезгилде даяр болду. Андыктан аларга да чоң үмүт артабыз. Ошону менен бирге интеллектуалдык оюндар – шахмат жана киберспорт боюнча да жүрөк кубанткан жаңылыктарды күтөбүз.
Улуттук спорт оюндарын жана элибиздин маданий мурасын бардык элдерге көрсөтүү аянтчасы болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанисин өзгөчө белгилеп кетүү зарыл. Ушул оюндар аркылуу Кыргызстан дүйнө элдерине таанылат жана маданий, саясий жана башка багыттар боюнча алакалардын кеңейишине көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери! Ардактуу машыктыруучулар!
Сиздер алдыга койгон максатка жетүү үчүн бүт өмүрүн, жан дилин арнаган, сансыз ойлорго батырган санааларга алдырбай сабырдуулук жана өжөрлүк менен алга кадам шилтеген, өз ишинде эң жогорку чеберчиликке жеткен кесипкөйлөрдөн болосуздар. Сиздер чемпиондорду тарбиялайсыздар, күч - кубаттуу жаш муунду калыптандырып, өлкөнүн келечектеги жеңиштерине жол ачасыздар.
Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, берекелүү заман, толкуган дем, албан-албан ийгиликтерди жана жарыгы жаркын жеңиштерди каалайм.
Майрамыңыздар менен!”