www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны 3 миллион 36 миң 605ке жетсе, каза болгондордун саны 210 миң 842ге жетти. Бул тууралуу АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, АКШда вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 1 миңге жетсе, 113 миң адам оорудан сакайып чыкты, ал эми 56 миң 521 адам көз жумду.

Экинчи орунда турган Испанияда 229 миң 422 адам вирус жуктуруп, 101 миң адам илдеттен сакайып ооруканадан чыккан. Ал эми каза болгондордун саны 23 миң 521 адамды түздү.

Биринчиден үчүнчү тепкичке түшкөн Италияда 199 миң 414 адам вирус жуктуруп, анын ичинен 66 миң 624 адам оорудан сакайып, 26 миң 977 адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости