www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Казакстан облусунда карантиндик чектөөлөр жумшартылат. Бул тууралуу облустун административдик борбору эсептелген Орол шаарынын башчысы Абат Шыныбеков билдирди.

Анын айтымында, 28-апрелден тартып шаарда коомдук транспорттун иши калыбына келип, жашоочуларга үйүнөн алыс эмес жерлерде сейилдөөгө уруксат берилет.

- Жашоочулар үйүнөн алыс эмес жерде сейилдесе болот. Ошол эле маалда үчтөн ашык топтолбой, бет кап жана кол кап кийип жүрүүсү шарт, — деди аким.

Мындан тышкары бийлик шаардыктардын автоунаа номурларына жараша дачага баруу күндөрүн белгиледи.

- Автоунаа номуру жуп сандан башталган жашоочулар дачага шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү кечки сегизге чейин бара алышат. Номуру так сандан башталгандар шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү барса болот, — деди калаа башчы.

Аймакта карантин 30-мартта киргизилген. Облуста азык-түлүк базарлары жабылып, банк бөлүмдөрүнүн иштөө убактысы кыскартылган. Жумушка же ооруканага барган тургундардан башкасына жашаган жеринен эки чакырым алыс кетүүгө тыюу салынган.

Соңку маалыматтар боюнча облуста 122 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындан тышкары 359 адам обсервацияда, 1478 адам үй карантининде.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости