www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Маргарет Харрис 28-июлда болгон брифинг маалында коронавирустун толкундары тууралуу айтып жатып: "Бир чоң толкун болот. Ал кээде көтөрүлүп, кээде төмөндөп турат. Баарынан да аны жайлатып салган туура", - деди.

Уюм ошондой эле "жай мезгилинде коронавирустун жайылышы басаңдайт" деген кептер боюнча өз тынчсыздануусун билдирди.

"Бул жаңы вирус жана ал өзүн башкача алып жүрөт, биз дагы көп нерсени иликтешибиз керек", - деди Харрис.

Кийинки күндөрү коронавирус буга чейин кырдаал оңолуп калган көп мамлекеттерде кайрадан күч алды. Испанияда июнда бир күндө илдетке чалдыккандардын саны 200 адамдын тегерегинде болсо, учурда 1500дөй киши катталып жатат.

COVID-19 илдети Азиянын бир нече мамлекеттеринде да кеңири жайылып баратканы байкалууда.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө COVID-19 илдетинен 652 миңдей адам көз жуумп, 16, 3 миллиондой киши бул ооруга чалдыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости