www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-сентябрда дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кыйла жогорулады. Brent маркасындагы мунайдын бир баррелинин баасы 24-июлдан бери биринчи жолу 101 доллардан ашты. Бул тууралуу РИА Новости соода-сатыктын маалыматтарына таянып билдирди.
Brent маркасындагы мунайдын ноябрь айына карата фьючерстеринин баасы мурунку соода күнүнүн жабылышына салыштырмалуу 3,02%га өсүп, бир баррели 100,88 долларды түздү. Мындан бир нече мүнөт мурда анын баасы 24-июлдан бери биринчи жолу 101 доллардан жогору көтөрүлгөн.
Ошол эле учурда WTI маркасындагы мунайдын октябрь айына карата фьючерстеринин баасы 3,09%га жогорулап, бир баррели 95,9 долларга жетти.