www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын январь айына карата дүйнөдөгү эң ири аскердик-аба күчтөрүнө ээ өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды. Тизмени Global Firepower уюмунун маалыматтарынын негизинде түзүшкөн. Анда жалпы аскердик учактардын саны жана өзүнчө истребителдердин саны көрсөтүлгөн.
Тизмеде чоң айырма менен АКШ биринчи орунда турат. Бул өлкөдө жалпысынан 13 032 аскердик учак бар, алардын 1 791и – истребителдер жана бомбалоочу учактар.
Экинчи орунда Россия жайгашкан. Бул өлкөнүн жалпы учак паркы 4 237ни түзөт. Анын ичинен 861и – истребителдер. Үчүнчү орунда Кытай турат. Жалпы учактардын саны 3 529 болсо, 1 443ү – истребителдер.
Андан кийинки орундарды Индия жана Түштүк Корея ээлейт. Индияда 2 183 учак бар, анын 476сы – истребителдер. Түштүк Кореяда 1 540 учактын 242си – истребителдер.
Япония 1 429 учак жана 217 истребитель менен алдыңкы тизмеге кирген. Пакистан 1 397 учакка ээ болуп, анын 331и – истребителдер.
Түркия 1 101 учак менен андан кийинки тизмеде орун алган. Алардын 201и – истребителдер. Египет 1 088 учакка ээ, анын 242си – истребителдер. Франция аскердик-аба күчтөрүндө 974 учак бар, анын 223ү – истребителдер.
Сауд Арабиясы 917 учак жана 283 истребитель менен тизмеде. Түндүк Корея 837 учакка ээ, анын 341и – истребителдер. Тайвань 720 учак жана 258 истребитель менен көрсөтүлгөн.
Италия 714 учак жана 88 истребителге ээ. Улуу Британия 625 учактын ичинен 103ү — истребителдер. Алжир 620 учакка ээ болуп, анын 111и – истребителдер.
Израиль 597 учак жана 239 истребитель менен айырмаланат. Бириккен Араб Эмираттары 581 учакка ээ, анын 99у – истребителдер. Германия 569 учак жана 127 истребителге ээ.
Тизмени Греция жыйынтыктайт. Бул өлкөдө 560 аскердик учак бар, алардын 178и – истребителдер.