www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айылдын керемет жошоосу. Тоонун кучагында Мураталы Керимбаевдин жылаңайлак чуркап ойногон жаштыгы калган үй. Бак дарактардын курчоосунда турган бул үйдө депутаттыкка талапкер Мураталы Керимбаевдин апасы жашайт экен. Босогодон аттаарыбыз менен эненин мээрими сезилип, жан дүйнөбүздө тынчтык орногондой сыяктанды.

Бир байламта гүлдүү жоолук салынган Гүлмайрам апанын көзүнөн энелик жылуулук чачырап, кубанычы койнуна батпай турганы байкалды. Анткени уулу өзү ойлогондой эрезеге жетип, эл оозуна алынып, мыкты чыгып, алкоого татып, бүгүн саясатка кадам таштап, депутаттыкка талапкер болуп олтурат.
Эне үчүн мындан өткөн бакыт барбы?
Убакытты текке кетирбей ак досторкондун үстүндө Гүлмайрам апанын сөзүн угуп, уулу Мураталы тууралуу кепке тарттык.
Баланын багы — бала чагынан көрүнөт
Апа узак ойго чөмүлүп, терезеден сыртты бир карап, кайра бизге жылмайып, сыймыктануу менен уулу тууралуу кеп баштады.
— Мураталым кичинесинен эле өзгөчө бала болчу, — деди жай үн менен.
— Мүнөзү тереңдиктеги сырды камтыган, токтоо эле. Эшик алдында ойноп жүргөн балдардын баары менен тил табышып, кер-мур айтышкан эмес. Маркум атасы уулумдун мүнөзүн байкап, “өмүрүн берсин, көз тийбесин” деп көп айтчу.
Талапкердин апасынын сөздөрүнөн уулуна болгон сыймыгы гана эмес, өткөн күндөргө болгон кусалык сагынычы байкалды. Гүлмайрам Апанын үнүндө эрктүүлүк менен кошо атасынын элеси дагы жүргөндөй сезилди.
Апа сөзүн улап:
— Үйдө эмне жумуш болсо, “апа, мен жардам берем” деп өзү жүгүрчү. “Балам, чарчадыңбы?” десем, “жок апа, мен жигит болбодумбу?” деп каткырып күлчү. Ошол күлкүсү азыр да кулагымда. Муканым, Мээнетти жек көрбөгөн, башкача айтканда — жасаган ишин так аткарган эр азамат болуп эр жетти.

Эл аралап жүргөнүн көргөндө жүрөгүм элжирейт
Уулунун бүгүнкү саясый кадамы тууралуу айтканда, апанын кабагына кубанычтын нуру чачырады.
— Кечээ эле айылдагы боз талааны аралап жүргөн уулум бүгүн даңгыр жолдордо эл менен жолугуп, аксакалдардын батасын алып жүрөт. Менин жүрөгүмө ушундан өткөн дары барбы? – дейт.
Гүлмайрам апанын сөздөрүндө саясий кургак сүйлөмдөр жок, жөн гана энелик сыймык бар экени байкалып турду.
Маркум атасынын жүзүн жарык кылат деп ишенем
— Ар бир адамда желпип турган бир жүк болот. Кимдир бирөө ошол жүктү көтөрө албай майтарылат, кимдир бирөө аны мээнет менен багынтат. Мураталыма карасам, Жараткан ага көтөрө турган ишин жүктөп койгон тура. Маркум атасы “баламдын багыты түз болот” деп айтканы бар. ... балким ал тирүү болсо Мураталым менен бирге эл аралап жүрмөк беле, — деди талапкердин апасы көзүндөгү жашты байкаткысы келбей жашырып....

Эненин батасы — баланын жол чырагы
Гүлмайрам апа жай олтуруп, гүлдүү жоолугун оңдоп, бир нече мүнөттөрдөн кийин акырын сөз баштады:
— Мураталы уулума дайыма айтам: “Жүрөгүңө жакшылыкты байла, балам. Кайда барба, бирөөнүн көӊүлүн оорутпа.Элиңдин батасын ала бил. Сенин күчүң — элдин тилегинде”, - деп сөзүн жыйынтыктап, баласына карай батасын берди.
“- Мураталы уулум, сенден ийгилик кетпесин, бактыбызга аман болуп, кыргыз эли сыйлаган, сыймыктанган уулдарынан болуп жүрө бер. Саясый жарышка түшүп, калк арасында кадыр күтүп, үгүт иштери башталгандан бери тынымың жок. Эми тилегиңе жет, талпынган канатың талбасын. Келе жаткан Жарышта жакшылыктын жышааны сага ооп, элдин батасы кабыл болсун, тилегиңе жет. Элиңе пайдаң тийсин. Омийин....

Депутаттыкка талапкер Мураталы Керимбаевдин апасындагы көрүнүш, мага терең таасир калтырды. Анын жүзүндө баласына болгон чексиз мээрим, тагдырга ыраазычылык жана көзүндөгүбилинбеген жашында кубаныч бар экени байкалды.
Уулун сүйүнүч менен караган Гүлмайрам апанын сөздөрүнөн кубат, сыймык жана ишеним биргелешип, чыныгы үй-бүлөлүк баалуулуктардын бакыт белгисин көрсөттү.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 15-округдан № 1 депутаттыкка талапкер Мураталы Керимбаев тектүү жердин уулу, таза жаш талапкер. Аткаруу, мыйзам чыгаруу жана бийликтин ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгын канааттандырууга дарамети жеткенчыныгы кыргыздын уулу.
Колдоп добуш бериңиздер!
Буйрутма КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 15 көп мандаттуу Аксы шайлоо округунан талапкер Керимбаев Мураталы Топчубаевичтин шайлоо фондунан каржыланды.
Буйрутма №: 01
Нуска: 2 даана