www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбековду коргоп чыкты. Ал Биринчи радиого берген маегинде, Бшкек шаардык кеңешинин сессиясында айрым депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий берди.

«Казыбек Эргешов 3 чакырылышта тең кызмат кылып, шаар үчүн эмне кылды? Албетте, жөн эле айтып, сындап коюу оңой. Мирлан Таалайбековдун жетекчилигинде муниципалдык инспекция үч айда бир топ иштерди бүтүрдү. Орто-Сай, Аламүдүн базарларында буга чейин кандай башаламандык болгонун билесиздер», — деди.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов шаардык кеңештин сессиясында Мирлан Таалайбековдун муниципалдык инспекциянын башчылыгына дайындалышынын мыйзамдуулугун кароону сунуштаган. Ал аткаминердин ишмердүүлүгүн сынга алып, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп кадрдык резервден эмес адамдын дайындалышы мыйзамдуубу деп тактады.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын июль айында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов терезени мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн 20 миң сом айып салынган. Аны ошол кездеги Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Мирлан Таалайбеков токтоткон.

Последние новости