www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов “Ак-Ордо-3” конушундагы мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүүнүн кармалышынын чоо-жайын айтты. Бул жагдайлар боюнча ага ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берди.

«Коомчулукта чоң резонанс жараткан бул кылмыштын бетин ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ички иштер министрине жазып көрүүнү чечтим. Түн жарымга жакын министр кайра телефон чалды. Жана менен кылмыш иши кандайча ачылганына кызыктым. Ал иштин бетин ачууда «Коопсуз өлкө» системасынын оперативдүү-техникалык каражаттарын колдонуу негизги ролду ойногондугун айтты. Шектүүнүн изине түшүп, сырттан көзөмөл кылуу менен Ысык-Көл облусунан Бишкекке коштоп барышкан. Ниязбеков ошондой эле шектүү кармалгандан кийин эки киши өлтүргөнү толугу менен мойнуна алганын айтты», — деп жазат Кулов.

Кулов ошондой эле министр президент Садыр Жапаров менен байланышта болгонун, ал тергөөнү жеке өзү көзөмөлдөп жатканын белгиледи.

Последние новости