www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Парламенттен билдиришкендей, долбоорду депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Бактыяр Калпаев демилгелеген.

Демилгечилердин бири, депутат Медер Чотоновдун айтымында, токтом долбоорунун максаты "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктүн конституциялык принциптерин ишке ашыруу жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо жана Кыргызстандын демографиялык өсүүсүн өбөлгөлөө үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Последние новости