www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов тууганчылык түшүнүгүн мыйзам менен тактоону сунуштады.

Ал "Үй-бүлө кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Тактап айтканда, анда нике эркек менен аялдын ортосунда түзүлөрү гана жазылган. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда тууганчылык түшүнүгүн тактоо, ошондой эле жакын туугандардын категорияларын аныктоо сунушталган.

"Үй-бүлө кодексинин редакциясында "нике" деген түшүнүк айтылган, бирок так аныктамасы жок. Сунушталган толуктоолор эркек менен аялдын ортосундагы никелешүүнүн так аныктамасын киргизет. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда тууганчылык түшүнүгүн тактоо, ошондой эле жакын туугандардын категорияларын аныктоо сунушталат", — деп жазылган негиздемеде.

Депутаттын сунушуна ылайык, туугандар төмөнкүдөй бөлүнөт:

туугандар: ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр, ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таене, неберелер, жээндер, кайната жана кайнене, куда жана кудагыйлар, бөлөлөр, өгөй ата-эне жана өгөй балдар;

жакын туугандар: жубайлар, эркек жана кыз балдар;

жубайлар — никени кабыл алган жана жарандык абалдын актыларын жазуу органында өз мамилелерин каттаган эки адам (эркек жана аял);

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости