www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-февралда депутат Табылды Муратбеков Жаштар кеңешинин түзүлгөндүгү жөнүндө билдирүү жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Бул чечим Жогорку Кеңештин жаштар менен өз ара байланышын чыңдоо, жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жаштар саясатын өркүндөтүү, жаштардын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу максатында кабыл алынды», - деди депутат Табылды Муратбеков.
Муну менен катар эл өкүлү жаңы түзүлгөн кеңештин ишинин негизги максаттары, милдеттери жана принциптерине токтолуп: «Кеңештин негизги багыттары – мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү; жаштардын демилгелерин жана долбоорлорун колдоо; жаштардын ишкердик, инновациялык жана инвестициялык долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөктөшүү; жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу; билим берүү, илим, маданият, спорт жана санариптик өнүгүү жаатындагы жаштар долбоорлорун колдоо болуп саналат», – деди Табылды Муратбеков.