www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-февралында Лондон шаарында, Вестминстер сарайында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын Улуу Британиянын Общиналар палатасынын Спикери сэр Линдси Харви Хойл жана британ Парламентинин мүчөсү Памела Маргарет Кокс жетектеген Борбордук Азия боюнча бардык партиялык парламенттик топтун мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрү менен Улуу Британиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөн шайлоолор тууралуу маалымат берип, алардын улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга, анын ичинде демократиялуулукка, атаандаштыкка жана ачык-айкындуулукка шайкеш келгенин баса белгиледи. Парламент өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушунун борборунда туруктуу орун алып, реформаларды активдүү мыйзамдык жактан коштоого, экономикалык өнүгүүнү ылдамдатууга жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга багытталгандыгы өзгөчө белгиленди.

КР ТИМдин башчысы парламенттер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү өкмөттөр аралык кызматташтык форматтарын натыйжалуу толуктай аларына ишеним билдирип, кыргыз-британ парламенттер аралык алмашууларды активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул багытта парламенттик делегациялардын өз ара сапарларын уюштуруу, профилдик комитеттердин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана мыйзам чыгаруу ишмердиги боюнча тажрыйба алмашуу маселелери белгиленди. Ошону менен катар, британ парламентинин бай тарыхын жана салттарын эске алуу менен, саясий диалогду гана эмес, регламент, жол-жоболор, комитеттердин иши жана парламенттик көзөмөл механизмдери боюнча ийгиликтүү тажрыйба алмашууга, мүмкүн болгон стажировкаларды өткөрүүгө багытталган практикалык парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү баса көрсөтүлдү.

Последние новости