www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдун көңүл чордонундагы чуу жараткан “75тердин каты” боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев убагында вице-спикер болуп турганда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бул кат тууралуу маалыматы жок экенин айтып, аны социалдык тармактардан гана окуганын билдирген.
Бирок жакында Жогорку Кеңештин төрагасы вице-спикер катары Ажибаевге түшкөнүн айтты.
Мындан улам, катка байланыштуу чырдын айынан канчалаган депутаттар мандатын тапшырды, алды сурак бери жатат. Анан кандай эле Чыңгыз Ажибаев “ак карга” болуп суудан кургак чыга келет?
Эгер айтылып жаткан фактылар жана дооматтар негиздүү болсо, анда мыйзам алдында бардык жарандар бирдей жоопкерчилик тартууга тийиш. Коомчулук өкүлдөрү депутаттык мандат жана кол тийбестик макамы мыйзам бузууларды териштирүүгө тоскоол болбошу керек эле го.