www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева 2011-жылы туулган кыз тууганы тарабынан сойкулукка тартылып, өз жанын кыйганын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, маркумдун апасы кайрылып, окуяга көңүл бурууну суранган.
"Мага Элиза Дүйшекеева деген жаран кайрылып, 2011-жылы туулган Арлекова Айзирек аттуу кызы Дубайда сойкулукка тартылып, өз жанын кыйганын билдирди. Анын айтымында ал 2015-жылы күйөөсү менен ажырашкан, 2024-жылы кайын сиңдиси анын кызын эс алдырганы Дубайга алып барып, сойкулукка тарткан.
Кийин ал кыз Бишкекке келгенден кийин аны сатууга катышкан тараптар телефон, эки бөлмөлүү батир алып беришкен. Кайынсиңдиси ал мүлктү өзүнө каттаптыр. Бирок кийин кызы Бишкекке келгенден кийин уксус ичип, өз жанын кыйган. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат дейт. Азыр иш Каракол шаарына өткөрүлүптүр. Келин 5 айлык жана 6 жашар баласы менен ал жакка улам каттаганга оор болуп жатканын айтты", - деди депутат
Депутат президент менен Минкабдын парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, акыркы убакта мындай үрөй учурган окуялар көп катталып жатканын белгилеп, маселени көзөмөлгө алууну суранды.