www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталган Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынды.
Кабыл алынган токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып тармак кызматкерлери жогорулатылган эмгек акы алышат. Бул чара кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, материалдык кызыкчылыгын күчөтүүгө жана тийиштүү эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.
Токтомду ишке ашыруунун алкагында бардык зарыл финансылык-экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлдү. Документке ылайык, кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга жогорулатуу каралган, ошондой эле кошумча 15 000 сом өлчөмүндө көбөйтүү белгиленген. Мындан тышкары, 5 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралган.
Белгилей кетсек, спорт чөйрөсүндө 4 367 кызматкердин айлык акысы көтөрүлүүдө.
Кабыл алынган чечим дене тарбия жана спорт тармагын колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле тармак кызматкерлеринин социалдык статусун жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын ырааттуу уландысы болуп саналат.