www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы Зина Бакирова Курултайда чыгып сүйлөп, президент Садыр Жапаров мигранттар маселесине токтолбогонун белгиледи.

-Бүгүн сиз аябай жакшы доклад жасадыңыз, кыргыз элине жакшы колдоолор болорун айтып өттүңүз. Абдан жакшы кунт коюп угуп турдук. Бирок ушул чет элдеги кыргыздар жөнүндө, аларга колдоо көрсөтүү жөнүндө сөз болгон жок. Бирок бизди дагы өз көңүлүңүздүн сыртында калтырбайсыз деп ишенебиз, - деп айтты. 

Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизип жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан.

Булак: NazarNews

Последние новости