www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунун Ат-Башы районунда иш сапар менен болуп, Ат-Башы айылындагы бир катар социалдык мекемелердин пайдубалына капсула салды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков алыскы Ат-Башы районунда мындай саамалыктын болуп жатканы аймактарды өнүктүрүүнүн мыкты мисалы экенин белгиледи.

"Өтүп бара жаткан жыл Өлкө башчыбыздын  жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү деп жарыяланган. Анын алкагында өлкө аймагы боюнча бир топ социалдык мекемелер, жолдор, көпүрөлөр курулду. Орто жана чакан бизнести өнүктүрүүнү мамлекет колдоого алып, жаңы жумушчу орундар түзүлдү. Жогорку Кеңеш менен Өкмөт тыгыз иш алып барып, аймактарга инвестиция тартуу боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алып бердик. Келээрки жылдын бюджетине аймактарды өнүктүрүү багытында кошумча 2 млрд.  сом акча каражаты бөлүндү",-деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Муну менен катар Төрага аймак өнүксө, өлкө өнүгөрүн белгилеп, бул иштерди ырааттуу улантуу зарылчылыгын кошумчалады.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Нарын облусундагы иш сапарын депутат Алмазбек Баатырбеков менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов коштоп жүрдү.

Эске сала кетсек, пайдубалы түптөлгөн социалдык мекемелердин имараты Катар өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен курулууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости