www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында борбордук трибунадан сөз алып,  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

Ал Матраимовдорду «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мүнөздөдү. Алар уюштурган тойго бийлик өкүлдөрү Атамбаевдин тушунда да барып жүргөн.

 «Төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат» дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок.  Сиз архивге айланып карап коюңуз, сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргөн. Мен ойлойм, алар да элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдон жакшы сөздөрүн айтты. А бүгүн биз барып койсок «чимкирик депутаттар, бөжөңдөп төрага жүрөт» дейт. Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 100 миңдеген добуш алгансыз”, - деп айтты төрага.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости