www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Дастан Далабаевич, сиз абакта отурган партиялашыңыз Сапар Исаковго жолугуп келген турбайсызбы? Экс-премьердин абалы кандай экен?
- Ал эми курортко барган жок да. Албетте, шарты анчалык жакшы эмес. Кээде депрессия болот. Мен аларга китептерди бердим. Кубанычбек Кулматовго, Осмонбек Артыкбаевге дагы...
- Алар менен да жолуктуңузбу?
- Ооба, ооба. Себеби, бирөөсү менен жолугуп, башкалары менен жолукпай кетмек белем. Канат Исаевге да кирем дегем. Бирок, аны сотко алып кетишкен экен.
- «Шарты анчалык жакшы эмес» деп атпайсызбы. Ал жерде жаткандардын баарынын шарты бирдей да?
- Ооба, жалпы ошондой. Негизи мыйзам боюнча тергөө абагында отургандарга жок дегенде окуганга бирдеме берип, радио укканга шарт түзүү керек.
- Алардын окуганга мүмкүнчүлүгү жок бекен?
- Менимче, китептер берилет. Бирок, эски китептер да.
- Сапар Исаков эч нерсеге даттанган жокпу?
-Жок.
Булак: АЗИЯньюс