www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Токтогуловичтин келүүсүн күтүп жаткандардын түрдүү кызыкчылыктары бар. Биринчи тарап - анын командасы. Өзүнүн лидеринин кайтып келип, саясатта жүрүүсүн эңсеп жатышат. Алар Мурат Соорбековго окшоп мурдатан жанында жүргөндөр. Аларда бир гана максат, кызыкчылык бар. Лидери менен чогуу болгулары келет жана чын дилден аны каалашат.
Экинчи "колдоп" жаткандар, Бабановдун арты менен өздөрүнүн арам максаттарын ишке ашырып алгысы келгендер. Убагында күнү-түнү жамандап, керек болсо арыз жазып сотко чуркагандар. Азыр Бабанов менен чогуу чоңойуп, өмүр бою командасында жүргөндөй безеленип жатат.
Бул арам максаты барлардын ким экенин көрдүңөр да? Аларда баалуулук деген жок, Бабановдун деле кереги жок. Аларга мамлекетте олку-солку болуп, бийликтин күчү кетсе деген гана тилектери бар. Табалап, ызы-чуу тилеп, жамандык күтүүдө көздөрү жайнап, баш аламандыкка тойго баргансып даярданып, кубанычы койнуна батпай жатышат. Жамандык күтүп, андан бакыт издегендер - эң жийиркеничтүү адамдар. Тилекке каршы ушундай адам сыяктуу жандыктар бар. Алар арам максатын ишке ашыруу үчүн убактылуу "максатташ" деле боло калышат. Кудай ушундай ириңдеп кеткендерден сактасын.
Бабанов келип, мыйзам алдында өз укугун коргоп, эч жаңжалсыз абалдан чыгып кетсе, тилеги жаман чагымчылдар осол эле болот. Анан дагы ал бузукулардын колдоосуна Бабанов муктаж деле эмес болсо керек.
Ал эми кыргыз элинин басымдуу көпчүлүгү өлкөдө тынчтык болуусун каалайт. Туруктуулукту, стабилдүүлүктү каалашат. Кыргыз элим бүтүн болуп, ар кандай күтүлүп жаткан саясий кырдаалдан кыраакылык, акылмандык, биримдик менен өтүп кетели. Абалдан пайдаланып калайын деген бузукулардын максаттары ишке ашпай калсын. Ынтымак бололу!
Дайырбек Орунбеков
Булак: NazarNews.kg