www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШК № 17 шайлоо округунан талапкер Б. Бообековдун каттоосун жокко чыгарды.
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 16-ноябрда № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Б.Бообеков БШКга 2025-жылдын 15-ноябрында кайрылган.
Эскерте кетсек, буга чейин шайлоо комиссиясы Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын өтүнүчүн карап чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бахтияр Бообековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (шайлоочуларды сатып алуу) шектелүүдө.