www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу финансылык жардам иретинде түшүп жаткан акча каражаттары тууралуу билдирди.

Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебине түшөт.

Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок.

 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат. 

Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости