www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун мурдагы кеңешчиси Дэвид Моренс COVID-19 пандемиясына байланыштуу документтерди жашырууга аракет кылганын мойнуна алды.
Прокуратуранын маалыматына караганда, 78 жаштагы Моренс коронавирус, анын келип чыгышы жана изилдөөлөрдү каржылоону токтотуу боюнча каттарды кызматтык эмес, жеке Gmail дареги аркылуу жөнөткөн. Мындай жол менен документтерди коомчулуктун маалымат алуу боюнча сурамдарынан жашырууга аракет жасалган.
Бул ишке EcoHealth Alliance уюмунун жетекчиси Питер Дашак да байланышы бар экени айтылууда. Моренске беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Окуя COVID-19дун келип чыгышы боюнча талаштарды кайрадан күчөттү. Вашингтон буга чейин вирустун тарашына лабораториялык изилдөөлөр себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.