www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк адабияттын алпы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн алдында "Чыңгыз Айтматов жана XXI кылымдын жаштары" аттуу жаштардын Эл аралык маданий-агартуу форуму болуп өттү. 

Москва жана Бишкек шаарларында тегерек столдор уюштурулду. Форумга Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Россиянын Химиялык технологиялар университетинин окутуучулары, Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле коноктор келген. Иш-чарага ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин дипломаттары дагы катышты. 

Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы дүйнө маданияты жана техногендик цивилизациянын заманбап чакырыктары, Чыңгыз Айтматов - жазуучу, гуманист, Дүйнөнүн жараны аттуу жыйындар уюштурулду. Форумдун алкагында Шериктеш мамлекеттердин тилдеринде Айтматовдун адабий чыгармасын окугандар үчүн ЖОЖдор аралык интерактивдик сынак; «буктрейлерлер»; Интерактивдүү адабий жана музыкалык композициялар номинациялары боюнча чыгармачыл сынак уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости