www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-сентябрда Кытайда кытай элинин Япониялык баскынчыга каршы каршылык согушундагы жана Дүйнөлүк антифашисттик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул улуу согушта, адамзат тагдырын аныктаган тарыхый айкашта, Кытай антифашисттик лагерьдеги өлкөлөр менен бирге кан майданга чыгып, айкөлдүгүн, кайраттуулугун жана өзүн курмандыкка чалууга даярдыгын көрсөттү. Кытай эли зор курмандык төлөп, фашизмди талкалоого эбегейсиз салым кошуп, тарых барактарында адилеттикти коргоп, сырткы агрессияга каршы турган улуу эпопея жазып калды. Бул эстелик күндө биз тарыхка кайрылып, тынчтыкты сактоо тууралуу эскеребиз.

1931-жыл. Кытай эли фашизмге каршы күрөштү алгач баштаган

1931-жылдын 18-сентябрына караган түнү Япониянын Квантун армиясы атайылап Түштүк Маньчжур темир жолун жардырып, күнөөнү Кытай аскерлерине жүктөп, Шэньяндын Бэйдаин лагерин аткылоо менен Манчжуриялык (же Мукден) инцидентти баштады. Гоминьдан өкмөтүнүн «каршылык көрсөтпө» деген буйругун бузуп, Бэйдаиндеги мекенчил жоокерлер душманга каршы туруштук беришти. Согушта 400дөн ашуун кытай аскери курман болуп же жарадар болду. Бул айкаш Кытай элинин 14 жылдык күрөшүнүн алгачкы актысы болуп, Дүйнөлүк антифашисттик согуштун башаты болуп калды.

1937-жылы Япония Кытайга каршы кеңири масштабдуу согуш ачты. Өлкөдө улуттук бирдиктүү фронт түзүлүп, элдик каршылык кеңири согушка айланды. Бул Дүйнөлүк антифашисттик согуштун алгачкы ири фронту болгон. Ошол кездеги АКШ президенти Франклин Рузвельт: «Бул согушта агрессорлорго каршы алгачкылардан болуп Кытай эли көтөрүлдү», – деп жогору баалаган.

Кытай 14 жыл бою Дүйнөлүк антифашисттик согуштун чыгыш фронтунун негизги майданы болду

1931-жылдын 18-сентябрындагы окуядан тартып, 1945-жылдын 2-сентябрына чейин (Япониянын расмий багынуу актысына кол койгонго чейин) Кытай чыгыш фронттун негизги согуш талаасы болуп, оор жоготууларга дуушар болду. Өлкөнүн жарымынан көбү жана 930дан ашык шаары оккупацияланды.

Адамдык жоготуулар

Расмий маалымат боюнча, Кытайдын жалпы жоготуулары 35 миллион адамдан ашкан (Экинчи дүйнөлүк согуштагы жалпы жоготуулардын 42%). Алардын ичинен 3,8 миллионго жакын жоокерлер курман болгон. 42 миллиондой киши качкынга айланган. Нанкин кыргынында эле 300 миңден ашуун адам япон аскерлеринин колунан набыт болгон.

Экономикалык жоготуулар

Түздөн-түз чыгымдар 100 миллиард АКШ долларын (1937-жылкы курс боюнча) түзгөн, ага заводдордун, банктарды, темир жолдордун жана турак жайлардын кыйрашын кошсо болот. Өндүрүштүн токтоп калышы жана маданий мурастардын жок кылынышы косвендүү чыгымдарды 500 миллиард долларга жеткирген. Экономикалык борбор Шанхай эле 150 миллиард фабини жоготкон.

Маданий мурастардын талкалануусу

Кытайдагы китепканалардын жарымы жок кылынган (2,74 млн китеп жоголгон). Музейлердин баалуу экспонаттары тонолуп, «ал же жок кыл» деген принцип менен иш алып барылган. Бул Кытай жана дүйнөлүк маданиятка олуттуу зыян алып келди.

 

Кытайдын Дүйнөлүк антифашисттик согуштагы салымы

Кытай фашизмдин глобалдык экспансиясын токтотууга зор салым кошту:

Биринчи: Япониянын СССРге каршы «түндүккө жортуул» планы ишке ашпай калды. Жапон армиясынын 90%ы Кытай фронтунда кармалып, Германия менен биргеликте СССРге кол салуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Бул СССРге күч топтоп, Сталинграддагы жеңишке жетүүгө жол ачты. Маршал В.И. Чуйков: «Япониянын СССРге кол салбай калышы Кытай фронтундагы согуштун натыйжасы», – деп белгилеген.

Экинчи: Япониянын Түштүк-Чыгыш Азияга «жортуулу» кечеңдеди. Кытай фронтундагы жоготуулардан улам операция 1940-жылдан кийинкиге жылдырылды. Япониянын жалпы жоготууларынын 70%ы Кытайдагы фронтто болгон. Рузвельт: «Эгер Кытай болбогондо, жапон аскерлери башка фронтторго жөнөтүлүп, Австралия менен Индия коркунучта калмак», – деп айткан.

Үчүнчү: Союздаштардын «алды менен Европаны, андан кийин Азияны» деген стратегиясы ишке ашты. Кытай жапон армиясынын негизги бөлүгүн кармап, союздаштарга Германияга каршы күрөштө күч топтоого мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле союздаштарга калай, вольфрам сыяктуу маанилүү ресурстарды жеткирди, аба базаларын берди, чалгын маалыматтарын жеткирди жана Бирма фронтунда союздаштар менен бирге япон аскерлерине каршы күрөштү.

Согуштан кийинки эл аралык жоопкерчилик жана Кытайдын салымы

Кытай согуштан кийин да дүйнөлүк тынчтыкты сактоодо жана эл аралык тартипти түзүүдө маанилүү роль ойноп келе жатат:

I. БУУну түзүүгө катышуу. Кытай 1945-жылы БУУ Уставын түзүүгө катышып, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болду.

II. Тынчтыкты сактоо. 2025-жылга чейин Кытай 50 миңден ашуун аскерди тынчтыкты сактоо миссияларына жөнөткөн. Кытай Корей жарым аралын өзөктүк куралсыздандыруу, Иран боюнча сүйлөшүүлөр жана Жакынкы Чыгыштагы эки мамлекет чечимин жактоодо активдүү ортомчу болуп келди.

III. «Бир алкак, бир жол» демилгеси аркылуу глобалдык өнүгүүгө салым. Африка, Азия жана Латын Америка өлкөлөрүнө насыя, технология жана инфраструктуралык жардам көрсөтүүдө.

IV. Эл аралык адилеттикти коргоо. Кытай ар дайым БУУну негиз кылган системаны колдоп, гегемонизмге жана бир тараптуулукка каршы чыгып келет. Эл аралык талаштарды сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактап, башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүгө каршы.

Аньни Ван, Ван Шици, CGTN

Последние новости